Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

ЖК депутаттары сырттан келүүчү тамак аш продуктыларын тыюуу салууну сунушташууда


Депутаттар Мария Исанова, Алтынбек Сулайманов, Абдумеджит Юсуров, Юрий Данилов жана Динара Исаева «Адамдын өмүрүнө жана ден- соолугуна терс таасир тийгизүүчү коркунучтуу химиялык, уулуу жана канцерогендик заттар сакталган мөмө, жемиш, жаңгак жана башка тамак-аш продуктыларын Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюуу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери. Бул мыйзам долбоору аталган тамак-аш продуктыларын дүкөндөргө, базарларга жана коомдук тамактануу жайларына чыгарууга бөгөт коюу ченемдерин тагыраак сактоого багытталган.

Депутаттар Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн алынып киргизилген адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу химикат-гептахлор, салмактуу түрдүү металдар аралашкан, ошондой эле генетикалык жактан модификацияланган мөмө-жемиштер сатылып жаткандыгына тынчсызданышууда. Бул заттар адам организминин өнүгүшүнүн бузулушуна алып келери белгиленген, ал эми АКШда жаныбарларды изилдөөдө репродуктивдик бузулуулар аныкталган. Химиялык иштетүүдөн өткөн тамак-аш продуктыларын пайдаланганда калк ара төрөө жана жаңы төрөлгөндөрдүн салмагынын азайышы тобокелдигине учурайт.

Жумушчу топтун мүчөлөрү гербициддер, пестициддер, консерванттар жана сырдоочу заттар өздөрү тамак-ашты сиңирүү процессине таасир тийгизбесе да акырындап организмге, негизинен боорго топтолоорун ишендирүүшүдө. Топтолуунун белгилүү чектерине жеткенде алар ичеги карын жугуштуу ооруларынын, аллергиялардын, ашказандагы, же ичеги карындагы оорулардын, ал түгүл жаралардын пайда болушунун себепкери болуп калышат. Нитраттарды ашкере пайдалануу онкологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле жумушчу топ Мамлекеттик бажы комитетинен мамлекетке ташылып келинген продукциянын саны, атап айтканда 2008-жылы жана 2009-жылдын 4 айында ташылып келинген мөмө-жемиш, жашылча жана жаңгак тууралу кат түрүндө маалымат алган. Бажы комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанга дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн жемиш жана жашылчалар алып келинет. Импорттук жемиштердин сакталышын жана таза түрүн адистер гана аныктай алышат, анткени жемиш жана жашылчаларда аралашкан заттар жашырылган. Эгерде сапаттын сертификатында товар эмне менен иштетилгендиги көрсөтүлсө, ошол эле жерде компоненттердин аталышы эмес, алардын номерлери гана көрсөтүлөт.

«Кытайда өндүрүлгөн» деген жашылча жана жемиштерди курт жебесе да, алар сатып алуучулар арасында ийгиликке ээ. Албетте, формасы жана өлчөмү менен көз жоосун алат, бирок химиялык иштеп чыгуудан кийин ушундай келбетке келгендигин ойлонуу керек. Экзотикалык жемиштерди пайдалануудан баш тартууга мажбурлай албайбыз, бирок жашылча, жемиштерди сатып алууда жергиликтүүлөрдү сатып алгыла демекчибиз», - дейт жогоруда аталган мыйзам долбоорунун демилгечи-депутаттары. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG