Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

16-19-июлда Ысык-Көлдө Адам укуктары боюнча III форум өтөт


Бул тууралуу Акыйкатчы институнун басма сөз кызматы билдирет. Форумга Босния, Герцеговина, Грузии, Чехия, Словения, Пакистан, Иран, Азербайжан жана Казакстандан онго чукул акыйкатчы келээри күтүлүүдө. Иш-чара алкагында акыйкатчылар туруксуз саясий кырдаалда адам укугун коргоо маселелерин талкуулашып, эл аралык кыйноолорго каршы механизмдерди киргизүү тажрыйбасы жөнүндө сөз кылышат. Форумдан соң конокторду мамкатчы Нур уулу Досбол жана Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев кабыл алат. Адам укуктары боюнча III форум президенттик администрация, БУУнун Өнүгүү долбоору жана ЕККУнун Кыргызстандагы бөлүмүнүн колдоосунда өткөрүлүп жатат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG