Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Италияда Чоң сегиздин саммити башталууда


Жыйын Италиянын апрелдеги быйылкы жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Аквила шаарында өтөт. Глобалдык экономикадагы кризис саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе. Мындан сырткары саммитте климаттын өзгөрүүсү жана ага каршы көрүлүүчү чаралар да талкууланат.

Рим Папасы Бенедикт XVI жыйынды утурлай Чоң сегиздин лидерлерин каржы системасында катаал эрежелерди киргизүүгө үндөдү. Саммиттин бейшемби күнкү ишине өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн лидерлери да катышат. Кабарларга караганда, Бразилия, Кытай, Индия сындуу өлкөлөр Орусиянын АКШ долларынын ордуна жаңы резервдик валюта киргизүү жөнүндөгү чакырыгына кошулууда. Чоң сегиздин тобуна АКШ, Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада, Франция, Орусия мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG