Президенттикке талапкер Нурлан Мотуев Бакиевди өзүнүн өнөктөшү катары көрөрүн, андыктан президент менен үналгы обосунда дебатка түшпөй турганын бүгүн 8-июлда билдирди. Мындан тышкары Мотуев Бакиев 4 жыл бийликте отурган убакытта өлкө үчүн чындап эмгек өтөгөндүгүн белгиледи. Жадыбал боюнча талапкерлер эртең 9-июлда УТРКынын үналгысында талкууга түшүшмөк. (EK)