Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

АКШныкы делген учкучсуз учак Пакистанда кырк согушкерди жок кылды


Бул тууралуу Пакистандын чалгын кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, акыркы эки күн ичинде эле өлкөнүн түндүк-батышындагы Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө АКШныкы делген учкучсуз учактар талиб согушкерлерине каршы ракеталык соккуну үч ирээт жасаган. Алардын экөөсү бүгүн жасалып, андан кеминде 40 согушкер мерт болгон.

Түштүк Вазирстан Талибандын Пакистандагы колбашчысы Байтулла Мехсуддун таяныч бекети катары эсептелинет.

Бул аралыкта Пакистан армиясынын өкүлү генерал-майор Адхар Аббас аларда Талибандын Сват өррөнүндөгү колбашчысы Маулана Файзулла аба чабуулдары учурунда жаракат алды деген "ишенимдүү" маалымат бардыгынын, бирок ал “тирүү жана өлүү” экендигин ырастоо мүмкүн эместигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG