Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

Кытай Компартиясы Үрүмчүдө адам өлтүрүүнүн артында тургандар дарга асыларын эскертүүдө


Шинжаң-Уйгур автоном районунунун борборундагы тополоң учурунда адам өлтүрүүнүн артында тургандарды өкмөт дарга асууну көздөөрү жөнүндө бүгүн Кытай Компартиянын Үрүмчү шаардык уюмунун катчысы Ли Чжи билдирди.

Ал бүгүн Үрүмчүдөгү пресс-конференция учурунда белгилегендей, азыр шаардагы кырдаал стабилдүү. Көчөлөрдү коопсуздук күчтөрү көзөмөлдөөдө. Мурдараак кытай бийликтери шаарда коомдук тартипти сактоо үчүн кошумча миңдеген аскерлерди киргизген эле.

Компартиянын Үрүмчү боюнча катчысы ошондой эле тополоңдордун артынан бир топ кишилер камалганын, алардын көпчүлгү студенттер экенин кошумчалады.

Кытайлар менен уйгурлардын Үрүмчүдөгү кагылышуусу Кытай президенти Ху Цзиньтаону Италиядагы сапарын кысартып, мекенине кайтууга мажбурлады. Ал бул жерде Чоң сегиздин саммитине катышмак.

Шинжаң –Уйгур автоном районун борборунда кытайлар менен уйгурлар ортосунда ушул жекшембиде орун алган кагылыштан расмий маалымат боюнча 156 адам каза тапты, 1000ден ашууну жаракат алды. Кытайлар менен уйгурлар көчөгө кечээ да чыгышты. Үрүмчүдөн түшкөн кабарларга караганда, уйгурлар камактагылардын бошотулушун талап кылса, бычак жана таяк менен куралданган кытайлар уйгурларга караштуу жайларды талкалашты. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Бул аралыкта бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы Кытайды сабыруудулука чакырып, Анкара Шинжаңдагы уйгурлардын абалына кайдыгер карай албасын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG