Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Канттын баасы таңсыктыктан улам көтөрүлүүдө


Бул тууралуу монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин жетекчи орун басары Назира Үсөналиева журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстанда кант сатуу менен алектенип келген “Кайыңды кант” жана Кошой кант заводу өлкө рыногуна 80 миң тонна кант алып келүүгө тийиш болсо да, аны аткарган эмес. “Кайыңды кант” заводу кант өндүрүүчүлөр менен алдын-ала келишим түзгөн эмес, ошондуктан, бүгүнкү күндө кантты жалгыз Кошой кант заводу алып кирүүдө, дейт Назира Үсөналиева. Маалыматтарга караганда Кошой кант заводу үч ай ичинде 5 миң тонна кант алып кирүүгө милдеттүү болчу, бирок бул убакытта анын жарымы гана алып келинген. Ушул тапта дагы 1,5 миң тоннадан ашуун кант чек арадан өткөрүлүүдө, демек, жакында баалар кайра төмөндөйт, деп бекемдейт монополияга каршы күрөшүү агенттиги.
Акыркы жума ичи Кыргызстандын базарларында канттын баасы кескин кымбаттап, килосу 35 сомдон 41 сомго чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG