Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Талапкерлердин Улуттук каналда бүгүнкүгө белгиленген таймашы болбой калды


Буга Нурлан Мотуевдин президент К Бакиев менен телетаймашка чыгуудан баш тартканы себеп болду. Мындай аракетин талапкер телетаймашка чыга турган К. Бакиев менен тилектештигине, президенттин төрт жыл ичинде жасаган иштерине ыраазы экендигине жана президентти мамлекеттик иштеринен алаксытпоону чечкендигине байланыштырды. Буга чейин УТРКдагы телетаймашка чыгуудан талапкер Алмазбек Атамбаев да баш тартып, бул аракетин БШКга жана коомчулукка жазган билдирүүсүндө теле айтышты “оппозициянын бөлүнүп-жарылышына кыргызстандыктарды ынандыруу максатында” уюштурулуп жатканы менен түшүндүргөн. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчү кулак ыкмасы менен президенттикке талапкерлердин теле жана радио аркылуу сөз эрөөлүнүн тизмесин жана күнүн аныктаган. Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев, Токтайым Үмөталиева менен Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев менен Нурлан Мотуев айтышмак. Эң биринчи болуп дарыгер Ж. Назаралиев өз атаандашы менен дебатка чыгуудан баш тарткан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG