Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Иракта үч жерде жарылган бомбадан 16 киши мерт кетти


Иракта кечээ (8-июлда) Мосул жана Муссайиб шаарларында үч жерде болгон жарылууда 16 киши набыт болду. Полициянын кабарлашынча, алгач Мосул шаарында эки жерде унаанын ичинде орнотулган бомбалардын жарылуусунан 9 киши мерт кетип, 30га жакыны жараат алды. Бир нече мүнөттөн кийин Муссайиб шаарында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерде бомба жарылып, жети киши набыт болуп, жыйырмага жакыны жараат алды. Өткөн айдын соңунда коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берип, АКШ күчтөрү Ирактын шаарларынан чыгып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG