Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Италиянын Аквила шаарында “чоң сегиздин” саммити өтүүдө


Дүйнөнүн өнүккөн сегиз өлкөсүнүн лидерлери кечээ жыйындын алгачкы күнүндө бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алышты. Лидерлер дүйнөлүк экономикалык кризис, климаттын өзгөрүүсү жана Ирандагы президенттик шайлоодон кийинки кырдаалды талкуулашты. Мындан сырткары саммиттин катышуучулары алдыдагы үч ай ичинде Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдө натыйжага жетишүүгө умтула турганын Франциянын президенти Николя Саркози билдирди. Эгерде сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, дүйнө лидерлери бул маселени кийинки жылы өтө турган “чоң жыйырманын” саммитинин күн тартибине коймокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG