Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Э.Бүлекбаевге байланыштуу иш сотко жиберилди


Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаевдин адвокаты Мукар Чолпонбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Эркин Бүлекбаевге каршы козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, Москва райондук сотуна июль айынын башында жолдонду. Мыйзамга ылайык сот ишти бир айдын ичинде карай баштоого тийиш. Эркин Бүлекбаев 26-апрелде Петровка айылында болгон баш-аламандыкка байланыштуу кармалып, ошондон бери УКМКнын абагында камакта турат. Бүлекбаев өз кезегинде бул ишти саясий куугунтук катары баалап келет.(AiT)

XS
SM
MD
LG