Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Түштүк региондорго добуш берүү бюлетендери жеткирилди


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу жана укуктук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мырзабек Аргымбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Ош облусунун, Ош шаарынын жана Жалал-Абад облусунун шайлоо комиссияларына добуш берүү бюлетендери тапшырылды. Баткен облусуна да бюлетендер бүгүн жеткирилет. Нарын, Ысык-Көл облустарына бүгүн жөнөтүлүүдө. 10-июлда Талас жана Чүй облустарына добуш берүү бюлетендери таркатылат. Бүгүн түштөн кийин Бишкек шаарынын шайлоо комиссиясына да жеткирүү башталат.Шайлоо бюлетендери шайлоочулардын тизмесинен 0.5% гана мыйзамга ылайык көбүрөөк жөнөтүлүүдө. Жалпысынан 2 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу тизмеге киргизилген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG