Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

А. Атамбаевдин өкүлү Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды


Бүгүн талапкер А. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбеков БЭКтин курамындагы партиялардын он мүчөсүн шаардагы шайлоо участкаларынын катарына кошуу талабын койду. Анын белгилешинче, Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиясы Социал-демократиялык, «Улуу биримдик» , «Ата Мекен» партияларынын мүчөлөрүн участкалык шайлоо комиссияларына толук киргизбеген. Ал үчүн УШКга мүчөлүккө талапкерлердин шайлоо мыйзамында жок паспортунун көчүрмөлөрүн сураган. Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Раимбек Султанов паспорт көчүрмөсү УШКга талапкерлердин кимдигин аныктоо үчүн зарылдыгын, аталган үч партиянын 8 мүчөсү шайлоокомдорго кошулганын, Н. Касымбековдун өтүнүчү шайлоокомдо караалаарын билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG