Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Өлкөдө маңзат ташуу эки-үч эсе көбөйдү


Бул туурасында Маңзаттарды көзөмөлдөөчү агенттиктин директору Болотбек Ногойбаев бүгүн Оштогу сапары учурунда маалымдады. Анын билдирүүсүнө караганда, мекеменин кызматкерлери былтыр жыл бою 2 тоннага жакын маңзат кармаса, быйыл ушу мезгилге дейре ушунча көлөмдөгү маңзатты колго түшүрдү. Генералдын баамында, Ооганстан маселеси чечилип, аймакта тынч турмуш орномоюнча, арам оокат менен шугулдангандардын аягы тыйылчудай эмес.

Ал эми айрым жергиликтүү серепчилер Кыргызстан наркотранзиттик өлкө экендигин, ошол себептүү маңзат ташууга аралашкан кызмат адамдарын аеосуз жазаламайынча, кырдаал курчуй берээрин айтышууда. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG