Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Бишкекте куралдуу казак жараны кармалды


УКМКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, ок атуучу куралы бар Казакстан жараны 6-июлда кармалды. Кармалган киши 2008-жылы чет өлкөлөрдөгү террордук лагерлерде даярдыктан өтүп, Кыргызстан жергесинде атайын тапшырмаларды аткаруу, өз тарабына жаңы адамдарды тартуу жана террорчуларды башка өлкөлөргө чыгаруу багытында иштерди аткаруу үчүн келгендиги аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармалган кишинин аты-жөнү ачыкталбайт.(AiT)

XS
SM
MD
LG