Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

“Ак жолдун” талапкери Караколдо шайлоочулар менен жолугушту


Курманбек Бакиев менен жолугушуу үчүн Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунан 7 миңдей шайлоочулар Каракол шаарына чогулушту. Курманбек Бакиев шайлоочулар алдында сүйлөгөн сөзүндө өнүгүү жолуна түшкөн, туруктуу мамлекетти кийин келүүчү президентке өткөрүп берем деген убадасын ачыктады. Бүгүн түштөн кийин “Ак жолдун” талапкери Тоң районунда шайлоочулар менен жолугушат.
“Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев болсо бүгүн Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушту. Ага 400дөй киши катышты. 10-июлда Темир Сариев Таласта шайлоочулар менен жолугушаарын баштайт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG