Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Кыргызстанда 91 бала мектепке баргысы келбейт


Билим берүү министрлигинин билдиришинче, мындай жыйынтык республика боюнча окубай калган балдарды каттоонун негизинде белгилүү болду. Мындай мониторинг ушул жылдын январь жана май айында жүргүзүлгөн жана ал август айында да улантылат. Балдардын мектепке барбай жатышынын себеби үй-бүлөдөгү начар шартка байланыштуу. Текшерүүнүн натыйжасында ата-энелери ичип, балдарын карабай койгон себептен улам 58 бала мектептен кол үзгөн. Ата-энесинин талабы менен тилемчилик кылып, уурдап акча таап жашап, мектептен калган 34 бала окууга барууга каалоосу жок экенин билдирген. Айрым бейөкмөт уюмдардын маалыматында, мектепти таштаган балдардын саны бул көрсөткүчтөн алдаганча көп. Көпчүлүк мындай балдар анын себебин үй-бүлөсүн багуу керектиги менен түшүндүрүшөт. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG