Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Иран атомдук энергия боюнча ишин токтотпойт


Бул тууралуу өлкөнүн руханий лидери Аятолла Али Хаменейинин кеңешчиси Али Акбар Вилояти кечээ сыналгыдан айтты. Бул билдирүү кечээ «чоң сегиздин» саммитинде француз президенти Николя Саркозинин билдирүүсүнө жооп иретинде айтылдыбы-жокпу – такталган жок. Саркози саммитте «чоң сегиздеги» мамлекеттер Тегеран менен анын өзөктүк программасы боюнча талкууну уланта турганын айткан эле. Батыш Иранды атомдук курал жасаганга аракет кылып жатат деп сындап келет, Тегеран муну четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG