Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Эгин оруп-жыюуга техника жетишсиз


Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөнүн түштүгүндө арпа-буудай орулуп жыйнала баштады. Эгин оруп-жыйноочу техниканын 80% азыр Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарынын талааларында иштеп жатышат. Чүй облусунда да эгин бышып жетилген, Талас, Ысык-Көл облустарында жакында оруу-жыюу иштери жакында башталат, дейт министрликтин алдындагы мамлекеттик техника инспекциясынын жетекчиси Нурлан Кожогулов. Анын айтуусунда арпа-буудай оруучу комбайндар жетишсиз, ошондуктан айыл чарба министрлиги “Кыргыз автомаш” ишканасынан 100 комбайн сатып алууну көздөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG