Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

Анжиянда кыргыз-өзбек чегара кызматтарынын жетекчилери жолугушту


Кыргызстандын Чегара кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган кызматтын жетекчиси Токон Мамытов 8-июль күнү Анжиян шаарына иш-сапары менен барып, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чегара күчтөрүнүн жетекчиси Руслан Мирзоев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн чегара кызматтарынын мындан аркы кызматташуусу тууралуу сөз болгон.

Кыргыз-өзбек чегараларындагы талаштуу жерлерге байланыштуу буга чейин эки өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү кыйла жолугушууларды өткөрүп, ушул кезге чейин ал жерлер такталбай келет. Жакында эле Өзбекстан бийлиги Ханабад шаарына кирип келишкен чакан куралчан топ Кыргызстан тараптан келгендигин айтып чыгып, чегараны бойлото чоң аңдарды казып, өз чегин кайтарууну күчөткөн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG