Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бээжинде теги уйгур мугалим камакка алынды


Кытай бийлиги Шинжаңдагы тополоңго катышкандар “катуу жазаланаарын” эскертти. Кечээ бийликтеги Коммунисттик партиянын жетекчилиги жана Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао Шинжаң-уйгур автономиялык районундагы окуялар боюнча чукул жыйын өткөрүштү. Ушу күнгө чейин Үрүмчүдө 1400дөй киши кармалды, набыт болгондор саны ырасмий маалыматтарда 156 адам, алардын көбү ханзулар деп айтылат. Ал аралыкта Бээжинде Үрүмчүдөгү окуяларды интернеттеги өзүнүн баракчасында жайгаштырып турганы үчүн теги уйгур мугалим камакка алынды. Ага “тополоң уюштурууга себепкер болгон” деген айыптар коюлган.

XS
SM
MD
LG