Мындай түйүндөрдү Саламаттыкты сактоо министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен түзгөн жатат. Аталган министрлик Ош, Жалал-Абат жана Нарын облусунун жети районун атайын иликтеген. Ага ылайык жергиликтүү калктын дарыканаларга болгон керектөөсү, үй-бүлөлүк медицина борборлордун жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын даарыкана түзүү мүмкүнчүлүктөрү, медицианалык кадрлар боюнча абал анык болду. Чаткал, Тогуз-Торо, Ноокат, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун токсондон ашуун эл жашаган пунктары тандалып алынып, дарыкана түзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлангандай, буга чейин ушундай эле түйүндөр Алай, Кочкор жана Токтогул райондорунда ачылган. (EBM)