Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары келатат


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Жозеф Бернс эртең 11-июлда Бишкекке келмекчи. Президенттин администрациясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Жозеф Бернс өзүнүн иш-сапары алкагында президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев менен жолугушмакчы. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматовдун айтымында, азырынча жолугушуудагы карала турчу маселелер тууралуу айтууга эртелик кылат.

Маалыматтарга караганда, тараптар “Манас” эл аралык аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору тууралуу сүйлөшүшмөкчү.

Уильям Жозеф Бернс, 2005-жылдан 2008-жылга чейин Орусияда элчи болуп иштеп турган. Англис, орус, араб тилдерин билет.

Эскерте кетсек, буга чейин Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация келип, президент Курманбек Бакиев менен жабык эшик аркасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кеткен. (IJz)

XS
SM
MD
LG