Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Президенттикке талапкерлер үгүт иштерин улантышууда


Президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева кечээ Нарын облусунун шайлоочулары менен жолугушуп, эми Ош облусуна чыгууга камынууда. Эртең ал Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушмакчы.

“Ак шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев ушул тапта Талас облусун кыдырып жүрөт. Ал таластык шайлоочулар менен 12-июлга чейин жолугушууларды өткөрмөкчү.

“Бириккен элдик кыймыл” алып чыккан дагы бир президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев учурда Бишкекте. Эртеңден тарта ал Чүй облусунун шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрөт. Андан соң талапкер Талас Облусун кыдырмакчы.

Учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бүгүн Нарын облусунун Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушту.

Ал эми президенттикке талапкер Нурлан Мотуев учурда Бишкекте жүргөн болсо, дагы башка президенттике талапкер Жеңишбек Назаралиев учурда Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG