Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Ирактагы соңку жардыруулардан элүүдөн ашуун киши каза тапты


Өлкө аймактарында кечээ болгон жардыруулар АКШ аскерлери өткөн аптада Ирактын шаарларынан чыгып кеткенден берки эң кандуу окуя катары бааланды. Өлкөнүн түндүгүндөгү Тал Афар шаарында эки жанкечти бир нече мүнөттүн аралыгында жасаган жардыруудан кеминде 35 киши каза тапты. Адам өмүрүн кыйган бир нече жардыруу ошондой эле башкалаа Багдадда да орун алды. АКШ аскерлери Ирактан шаарларынан эки өлкөнүүн өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн коопсуздук келишимине ылайык, 30-июнда чыгып кетти. Бирок АКШнын 130 миңдей жоокери Иракта кала берүүдө. Эки тараптуу келишимге ылайык, алар өлкөдөн 2011-жылдын соңуна карата кетүүсү керек.

XS
SM
MD
LG