Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Жалал-Абатта А. Атамбаевдин үгүт барактары айрылууда


Мындай маалымат бүгүн президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абат - Сузак аймагындагы шайлоо штабынан алынды. Штабдын башчысы Батырбек Абдразаков БЭКтин талапкеринин сүрөтү түшүрүлгөн маалымат барактары менен плакаттары Сузактын Кадуу айлында жыртылганын билдирди. Талапкердин өкүлү Нурбек Касымбековдун айтымында, А. Атамбаевдин облус борборунун Пушкин көчөсүндөгү үгүт барактары толугу менен сыйрылган. Үгүт ишине тоскоолдук бийликти жактаган адамдардын же белгисиз адамдардын колунан келүүсү мүмкүн. «Жалал-Абат электро» ишканасы А. Атамбаевдин үгүт барактарын электр мамыларына илбөө тууралуу эскертүү кат жиберген. Сузак райондук жана Жалал-Абат шаардык шайлоо комиссиялары үгүт барактарын жыртуу жосундарынан кабарсыз экендигин билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG