Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Чоң сегиздин саммитинде АКШ жана Ливия лидерлери кол алышты


Барак Обама менен мурда АКШнын душманы катары эсептелген Муаммар Каддафи Италиянын Аквила шаарында өтүп жаткан саммиттен тартылган сүрөткө караганда, кечээ кечиндеги сый тамак учурунда кол алышкан. АКШ менен Ливиянын ортосунда дипломатиялык алака жыйырма жылдан ашуун үзүлүп турду. АКШ Ливияны терроризмди колдогону, анын ичинде Пан Американ авикомпаниясынын учагынын 1988-жылы Шотландиянын үстүнөн жардырылышына тийешеси бардыгы үчүн айыптагандардын катарында болгон. 2004-жылы Ливия массалык кыргын салуучу куралдарга ээ болуу аракетинен баш тарткандан кийин гана тараптардын дипломатиялык алакасы калыбына келди жана АКШнын Ливияга каршы киргизген соода эмбаргосу жоюлду.

XS
SM
MD
LG