Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Шейшембиде Кыргызстанга жашыруун сапар менен Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган топ келип кетти. Кыргызстандын расмий бийлиги ал тууралуу эч кандай маалымат бербегени менен сапардын болгонун тастыктап жатат.

Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин орус өкмөт башчысы Владимир Путинге өтө жакын кишилерден. Ал орус өкмөтүндө отун-энергетика, насыя маселесин тейлээри да белгилүү.

7-июлда Бишкекке келген Игорь Сечин өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүгө өкмөт башчы Игорь Чудинов да катышкан. Аны Чудиновдун маалымат катчысы Айбек Султангазиев тастыктады:

- Жолугушуу тыякта (президент тарапта) болду. Премьер-министр катышты. Бирок эмне маселелерди талкуулашканын айта албаймын. Мен катышкан жокмун, деген Султангазиев сүйлөшүүлөрдүн темасы тууралуу да кабары жок экенин кошумчалады.

Президенттин маалымат кызматы да сүйлөшүүлөр болгонун тастыктап, бирок башка маалыматы жок экенин айтууда.

Кыргызстан менен Россия талкуулай турган темаларга келе турган болсок, алар миграция, Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык маселелерден тартып, регионалдык коопсуздук жана глобалдык таймаштарга чейин байланышкан темалар.

Серепчилер Игорь Сечин менен Анатолий Сердюковдун сапары учурунда Транзиттик борбордун иши, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу
жана Кыргызстандын түштүгүндө Россиянын же Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий базасын ачуу маселелери талкууланыш мүмкүндүгүн белгилеп жатышат. Булардын ичинен түштүк регионго аскердик база ачуу маселеси көбүрөөк айтылууда.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаков орус тараптын мурдатан эле түштүк региондо аскердик база ачуу ниети бар экенин билдирди:

- Орустар мурунтан эле маселе көтөрүп келаткан. Алар ал жакта аскердик база ачканга абдан эле ынтызар. Себеби дегенде өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын коргогонго аракет кылып, биз жакта буфердик зоналарды түзүүгө аракет кылышкан. Бирок мен министр болуп турганда бул маселелер көтөрүлгөндө каршы чыкканмын. Себеби дегенде ал жакта аскердик базанын ачылышы Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт. Экинчиден, аякта коопсуздук сактоого өзүбүздүн күчүбүз толук жетет.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров июнь айында “Азаттыка” берген интервьюсунда Канттагы аскердик аба базасынын турушун кубаттап, ал эмес Баткен тарапта да андай аскердик базаны ачуу максатка ылайыктуу экенин билдирген эле:

- Менин жеке көз карашымда, Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун аба күчтөрүнүн Кант шаарында турганы кыргыз мамлекети үчүн өтө пайдалуу. Эгер Баткен тарапка дал ушундай күчтөрдү жайгаштырууга жетише алсак, ал дагы биздин чоң ийгилигибиз болот.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Игорь Сечиндин сапары Транзиттик борбордун иши менен таанышуу максатында болуш мүмкүндүгүн белгилеп, түштүк региондо аскердик база ачылышын колдоорун билдирди:

- Түштүктө ЖККУнун күчтөрүн жайгаштырабыз дешсе, жеке мен макулмун. Биз үчүн эң коркунучтуу
Фергана өрөөнү болуп жатат. Фергана өрөөнүндө калк эң жыш жайгашкан. Суу, жер жетишпейт. Жумушсуздук жогору. Анан бул региондо үч мамлекеттин кошулган чек арасы бар. Үч мамлекеттин ар кандай саясий режимдери болуп атат. Ошон үчүн терроризм чыгып жаткан жер ошол түштүк болуп жатат. Ошон үчүн ЖККУнун базасын түштүктө ачабыз деген ой болсо, аны мен толугу менен колдоймун. Себеби коркунуч ошол Фергана өрөөнүнөн чыгат.

Исмаил Исаков болсо кыргыз бийлиги коопсуздукту коргоодо өз жарандарына, жигиттерине эмес, башка өлкөлөрдүн аскерлерине таяныч жасап жатышы улуттук кызыкчылыкка туура келбесин атап, аскер жайгаштырууда орус тараптын өз кызыкчылыгы бар экенин, ал региондун суу-энергетикалык ресурстарына көзөмөл жүргүзүү экенин кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG