Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Курманбек Бакиев Кочкор районунда болду


Учурдагы өлкө башчысы, президенттикке талапкер Курманбек Бакиев шайлоочулар менен жолугушууда бюджет 4 жылда үч эсе өскөндүгүн, өнөр-жай өндүрүшү өсүп, жолдор оңдолуп жаткандыгын белгилеп, айыл чарбасын көтөрүүнүн беш демилгеси сөзсүз аткарыларын шардана кылды. Ошондой эле учурдагы Жогорку Кеңеш президенттин, өкмөттүн сунуштаган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, эң мыкты иштеп жатканын, парламент таратылбасын кошумчалады.

Уюштуруучулар бул жолугушуга 6 миң адам келди деп билдиришсе, жергиликтүү байкоочулар 3,5 миң киши келгендигин, алардын дээрлик 98 пайызы бюджеттик мекемелерде иштегендер экендигин айтышат. Жолугушууда атайын алдын ала даярдалган адамдарга гана сөз берилип, алар Курманбек Бакиевди шайлоого чакырык ташташты. (KUs)

XS
SM
MD
LG