Бул АКШнын азыркы президенти Барак Обаманын Рим - католик чиркөөсүнүн башчысы Бенендикт XVI менен алгачкы кездешүүсү болду. Ватикандагы сүйлөшүүдө жакырчылыкка каршы күрөш жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкууланган. Барак Обама Ватиканга Италиянын Аквила шаарында Чоң сегиздин саммити аяктаган соң барды.