Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Президенттик шайлоого ЕККУнун 250 өкүлү байкоо салат


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын жетекчиси Радмила Шекеринска кечээ тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен жолугушту. Анда министр эл аралык байкоочуларды каттоодо баардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ушул тапта ТИМге 198 арыз келип түшкөнүн маалымдады. Р. Шекеринска өз кезегинде, аталган уюмдун 250 кыска мөөнөттөгү байкоочулары 23-июлда президенттик шайлоого көзөмөл жүргүзөрүн, алардын ичинде ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү болорун билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG