Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Үрүмчүдө 170тей кыргызстандыктар калды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, алардын жүзгө чукулу жеке ишкерлер жана жакынкы аралыкта шаардан кетүүнү пландап жатышат. Кечээ эртең менен Үрүмчүдөн элүүдөн ашуун кыргызстандык жаран учуп келди. Ушул эле күнү түштөн кийин дагы ушунча адам автобус менен кайтты. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Үрүмчү шаарында жарандарды мекенине жөнөтүүгө көмөк көрсөтүп жатат. Үрүмчүдө 5-июлда кытайлар менен уйгурлар кагылышып жүз элүүдөн ашуун адам өлүп, миңден көп адам жараат алган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG