Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Кара-жыгач, Орок конуштарында жаңы мектеп ишке кирет


Быйыл 1-сентябрда Бишкектин Кара-Жыгач жана Орок жаңы конуштарында алгачкы мектептер ачылат. Шаардык мэриянын маалымдашыча, Кара-Жыгачта 960 окуучуга ылайыкташтырылан мектеп былтыртан тарта курула баштаган. Орок конушундагы 198 орундук мектеп 1-9-класттын окуучулары үчүн салынган. Учурда “Ак-өргө”, “Арча-Бешик”, “Ала-Тоо” жана “Ак-Босого” конуштарында мектептер курулуп жатат. Дагы бир катар конуштарда мектеп салуу пландалууда. Бишкекте 47 конуш бар жана алардын теңинен азыраагы мектептерге муктаж. (EBM)

XS
SM
MD
LG