Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Барак Обама Ганага келди


Американын алгачкы афро-америкалык президенти Барак Обама мамлекет башчы катары Африкага алгачкы сапары менен келип отурат. Обама Ганага Италияда «чоң сегиздин» саммитине катышкандан кийин келди. Ал Африкага сапарын дал ушу Ганадан баштаганынын себебин бу өлкө аймактагы башка мамлекеттерге үлгү болчудай демократиялык баалуулуктарга ээ экени, коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп, экономикасы өнүгүп жатканы менен түшүндүрдү. Обама Гананын президенти менен жолугушту. Бүгүн ал мамлекеттин парламентинде да сүйлөйт. Обаманын өзүнүн атасы Кениядан болот, аялы Мишелдин ата-бабалары болсо - АКШга кул катары алынып келинген африкалыктардан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG