Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Жаш укук коргоочулар Бакиевдин үгүтүнөн мыйзам бузуу тапты


Жаштар жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңеш менен “Интербилим” борбору азыркы мамлекет башчы жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин үгүт иштеринде мыйзам бузуулар орун алып жатканын билдирди. Буга мисал катары 2-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Камбар-ата-2 ГЭСине студенттик отрядды жөнөтүү акцияны келтиришти. Иш-чарага аттуу-баштуу аткаминерлер катышып, анда К. Бакиевди үгүттөгөн көрүнүштөр орун алганын айтты. Акцияга катышкандардын айрымдары чыгып сүйлөп жаткандардын жанында К. Бкиевди үгүттөгөн жазууларды жана анын сүрөтүн кармап турушкан. Бул жерде Шайлоо Кодексине ылайык мамлекеттик кызматкерлер иш маалында үгүт иштерине катышпашы керек деген талап эске алынган жок, дейт укук коргоочулар. Алар бул көрүнүштөргө укуктук баа берүүнү өтүнүп Акыйкатчы Турсунбек Акунга, Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүштү. БШКнын басма сөз өкүлү Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” азырынча бул катты алыша электигин айтты. Опозициянын талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат, деген дооматтарын четке кагып, К. Бакиевдин үгүт иштеринде административдик ресурс колдонулуп жатканы байкала элек, дейт. Б. Жумагулов. (EBM)

XS
SM
MD
LG