Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Ошто Атамбаевдин үгүт материалдарынын жарымы жок кылынды


Бириккен элдик кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ош шаардык штабынын башчысы Алымбай Кадыровдун айтымында, аларга таандык алты миң даана баракчалар жана түстүү плакаттар шаардын көрүнүктүү жерлерине илинген болчу. Бирок кайра текшергенде үгүт материалдарынын жарымы сыйрылып жок кылынгандыгы билинди. Оппозициянын өкүлдөрү мындай жоруктардын артында жергиликтүү мамлекеттик органдар турушат деп күмөн саноодо.

Ош шаардык мэриясына чалганыбызда, жергиликтүү бийликтин атын атагысы келбеген кызматкери атамбаевчилердин дооматы негизсиздигин билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG