Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Атбашылыктар кайрадан жол тосуу ниетинде


Мындай маалыматты Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну Керез Айдаралиева бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Арпа өрөөнүндөгү Коргон-Таш деген жерге кытайлыктар тарабынан көзөмөл өткөөл жай үчүн салынып жаткан тамдар алигиче көчүрүлүп кете элек. “Ошондуктан биринчи күндөн тарта жолду тосуп, шайлоону өткөрбөгөнгө сүйлөшүп жатабыз”, - дейт Керез Айдаралиева.

Бирок Жогорку Кещештин депутаты Аскар Салымбеков өкмөттүк комиссиянын чечимине жараша Коргон-Ташта көзөмөл өткөөл жайы салынбастыгын, салынган тамдар ал жерден алынып кеткендигин билдирди. Жергиликтүү бийлик дагы көзөмөл өткөөл жай Торугарттан ичкериге көчүрүлбөстүгүн бышыктоодо.

6-июль күнү жергиликтүү калктын өкүлдөрү жогорудагы маселенин жана бир катар социалдык жагдайлардын негизинде нааразычылык билдиришип Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тушунан Бишкек-Торугарт жолун тосушкан эле. (KUs)

XS
SM
MD
LG