Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

АКШ Кыргызстандын жарандык коомуна колдоо көрсөтөт


Бул тууралуу бүгүн жарандык лидерлер менен жолугушууда АКШ мамкатчысынын орун басары Уильям Бөрнс билдирди. Жолугушууда америкалык делегация жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө кызыкты. Жергиликтүү жарандык лидерлер саясий, коопсуздук маселелеринен тышкары дагы адам укуктарына да маани берүүгө АКШ өкмөтүн чакырды. Жарандык лидерлер Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин катарында маалымат каражаттарынын абалы, анын ичинде “Азаттык” радиосунун уктурууларынын чектелиши, интернетти көзөмөлдөө аракеттери өңдүү маселелерди аташты. Бул тууралуу жолугушууга катышкандардын бири, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Динара Ошуракунова маалымдады. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG