Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

УТРК Бактыяр Амиражановдун сөөгү табылгандыгын болжолдоду


Маалыматка караганда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу деп болжолдонуп аткан кишинин сөөгү Чоң-Кемин районунун аймагында көмүлгөн жерден табылган. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев телеканалга интервьюсунда Амиражановдун бул сөөккө тиешеси бар-жогу ДНК текшерилгенден кийин гана аныкталат деп билдирди. ИИМ Бахтияр Амиражановду өлтүрдү деп шектелген бир адамды кармаган. Улуттук канал тараткан мындай маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктай элек.
Бахтияр Амиражанов былтыр 24-сентябрда “Лексус RX 300” автоунаасын айдап чыгып, баласын балдар бакчасына жеткиргенден кийин дарексиз жоголгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG