Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Бүгүн журналист Алмаз Ташиевдин сөөгү жерге берилет


Ал 12-июлда кечке жуук Ош облустук ооруканада көз жумду. Облустук кабарчыбыздын маалыматына караганда анын башына 10-июлда операция жасалып, ошондон бери эсине келбей аткан. Журналистти 4-июлда Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында белгисиз адамдардан таяк жеп, ооруканага жеткирилген. Операцияга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Алмаз Ташиев өзүн милиция кызматкери таяктады деп билдирген. Ноокат райондук прокуратурасынын маалыматына караганда журналистти сабоо фактысы боюнча эки күн мурун кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG