Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Бишкектин көчөлөрүндө жаңы троллейбустар жүрө баштайт


Бишкектеги троллейбус башкармалыгынын башчысы Геннадий Мальцевдин бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча жаңы троллейбустар Беларустагы Минск троллейбус заводунан чыгарылган. Аларды эки өкмөт ортосундагы атайын келишимдин негизинде Беларус тарап үч жылдык мөөнөт менен насыяга берүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкектеги троллейбус паркына беш машина келип жетти, дагы бешөө эртең келет, айдын аягына чейин 20 жаңы троллейбус келет. Геннадий Милицкийдин айтуусунда жаңы троллейбустар жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна арналып, заманбап нукта чыгарылган, “анда кондиционер бар, демек, кышында унаанын ичи жылуу, жайкысын салкын болот,” дейт башкарма.
Бүгүнкү күнү Бишкекте 148 троллейбус бар, анын ичинен күн сайын 75 машина эл ташууга чыгат. 115 троллейбус такыр жараксыз абалда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG