Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Бахтияр Амиражановго таандык делген сөөктү аныктоо иштери жүрүп жатат


Ишкер Б. Амиражановдун өткөн жылдын 24-сентябрынан бери дайынсыз жок болуп жатышына тиешеси бар, деп шектелип, кармалгандардын бири аны өлтүрүп коюшкандыгын билдирүүдө. Бул тууралуу КР ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүнкү маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтуусунда ишкердин жоголушуна тиешеси бар деп шектелгендердин бири Улан Кожоев 10-июль күнү кармалган. Көп өтпөй ал Б. Амиражановду качан, кантип, кайсы жерде, кимдер менен өлтүргөнүн айтып берген. Министрдин белгилөөсү боюнча У. Кожоев ишкерди кармап, өз автоунаасына күч менен салып кеткен жерден тартып, анын өлүгүн көөмп койгон чуңкурга чейин жаңылбай көрсөтүп берген. Көрсөтүлгөн жерден кишинин эскирип кеткен сөөктөрү табылган, айрым дене мүчөлөрү жок болуп чыккан. Табылган сөөктөр сотук-медициналык, генетикалык, биологиялык жана башка керектүү экспертизаларга жиберилди. “Бул сөөк Б. Амиражановго тиешелүү, деп айтууга азыр эрте, баардыгы экспертизалардын жыйынтыгынан кийин, өзгөчө кандык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгынан кийин аныкталат,” деди ички иштер министри. Анын ишкердин дайынсыз жоголушуна шектелип кармалган Улан Кожоевдин тергөөдө айткандарына таянып, билдиргени боюнча Б. Амиражановду Рысбек Акматбаевдин бандасындагы төрт киши: Жумабек Зикирбаев, Абдумалик Жумабаев, Каныбек Жуманазаров жана Улан Кожоев Бишкектин 4-кичирайонунан кармап кетип, Чоң-Кеминдеги Капчыгай деген жерде башына атып өлтүрүп, көөмп салышкан.
Ишкер, депутат Ж. Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов 2008-жылдын 24-сентябрынан бери дайынсыз жок болууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG