Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Президенттикке талапкер Т. Үмөталиева бүгүн Жалал-Абатта.


Токтайым Үмөталиеванын өзүнүн «Азаттыкка» айтымында, бүгүн облус борборундагы базардагы эл менен жолугушуу учурунда алар базар ээлери менен соода-сатык менен жан баккандар ортосундагы мамилени жөнгө салууну, окуу жайлардын келишим бааларын жана салыкты азайтып, акысыз билим алууну калыбына келтирүүнү өтүнүштү. Аялдар балдардын жөлөк пулу менен пенсияларды көбөйтүү талабын коюшту. Облустагы журналисттер жана бейөкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда алардын коомдогу орду тууралу сөз жүрдү. Бир күн мурда Ош облусунун бир катар райондорундагы жолугушууларда Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүн коңшу өлкөлөргө бербөө жана жайыт маселесин чөчүү жөнүндө суранышты Т. Үмөталиева эртең жолугушуусун Таласта улантат.(YA)

XS
SM
MD
LG