Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

23-июль - добушту сактап калуунун улуттук күнү


23-июль - добушту сактап калуунун, акыйкатты жана намысты коргоонун жалпы улуттук күнү. Ошол эле учурда бул күн алдамчылык менен уурулукка каршы турчу күн болмокчу, деп жазылат БЭКтин бүгүн кыргызстандыктарга кайрылуусунда.

Анда кайрылуу ээлери бүгүнкү күндө шайлоочуларды канткенде добуштарын бийликке уурдатпай сактап калуу маселеси тынчсыздандырып жаткандыгын белгилешет. Шайлоочулардын добушу алтындан да кымбат, тандоосу -чечкиндүү, жеңиштүү тарыхый бурулушка алып келиш керек, деп билдирген бириккен оппозиция элди 23-июль күнү добуш берүү башталгандан тартып, анын жыйынтыгы чыгарылып, протоколдорго кол коюлуп, аларды колго алганга чейин шайлоо участкаларынан кетпей, көзөмөл жүргүзүүгө чакырган. “Өз добушубузду уурдатканыбыз - келечегибизди уурдатканыбыз!” деп айтылат кайрылууда.

БШК 23-июлда президенттик шайлоо КР мыйзамдарынын жана Шайлоо кодексинин негизинде акыйкат өтөт, деп билдирип келет. Ошондой эле добуш берүүгө 600гө жакын эл аралык, бир нече миңдеген байкоочулар көзөмөл жүргүзүшөрү айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG