Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Соң-Көлдө Манастын таш тулгасы талкаланды


Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист Курманбек Рыспаев билдирди. Анын айтымында, Соң-Көлдө ыйык деп саналган “Манастын таш тулгасы”, “Ак-Куланын мамысы” деп аталган бийиктиги эки метрдей таштарды белгисиз бирөөлөр 6-июль түнү талкалап, ташып кеткен. Таштардын 25 пайызы гана калган. К. Рыспаев Соң-Көлдү байырлаган чабандар мындай көрүнүшкө катуу нааразыланып жатышканын айтты. Маданият министри Султан Раев “Азаттыкка” бул окуя тууралуу азырынча кабары жоктугун, такталып, иликтенээрин “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG