Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Орусия президенти Грузиянын жикчил аймагында болду


Бүгүн Түштүк Осетияда болгон Дмитрий Медведев Грузия менен былтыр августтагы согуштан кийин Орусия көз карандысыз мамлекет катары тааныган бул республиканын президенти Дмитрий Кокойты менен жолукту. Орус маалымат агенттиктеринин кабарлаганына караганда, Медведев коргонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырып, республиканы экономикалык, социалдык жактан калыбына келтирүү боюнча башка бир катар долбоорлор бар экенин да белгилеген. Грузия Орусия президентинин Түштүк Осетияга сапарын айыптады. Парламент спикери Давид Бакрадзе Медведевдин баруусун Түштүк Осетияга баруусун Грузияга каршы “кутум” деп атады.

XS
SM
MD
LG