Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Бүгүн “Азаттыкты” коргоо кыймылынын башчысы акция өткөрөт


Кыймылдын уюштуруучусу Өндүрүш Токтоназаров бул күнү Акыйкатчы институтуна, Транспорт жана байланыш, Маданият жана маалымат министрликтерине, Жогорку Кеңешке, Өкмөт үйүнө, акырында УТРКга барып, көз карандысыз радио “Азаттыкка” – азаттык” деген чакырыктын алдындагы кайрылуусунун көчүрмөлөрүн таратат. Мындай акцияны өткөрүүгө Бишкек мэриясы уруксат бергенин Өндүрүш Токтоназаров “Азаттыкка” кабарлады. УТРК 2008-жылдын октябрынан тарта “Азаттыктын” теле жана радио программаларын берүүнү токтотуп, себебин адегенде, каражатка, кийинчерээк мазмунуна байланыштырган. "Азаттык" - коомчулукта окуяны көз карандысыз, калыс чагылдырган маалымат каражаты катары белгилүү.
Кошумчалап койчу маалымат - ЕККУ президенттик шайлоого байланыштуу кечээ тараткан кезектеги отчетунда “Азаттыкты” үгүт кампаниясын кыйла тең салмактуу чагылдырган маалымат каражаты деп белгиледи. (BuS)

XS
SM
MD
LG