Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Участкалык шайлоо комиссияларда “Ак жол” партиясына көп орун берилди


Бул тууралуу ЕККУ шайлоо өнөктүгү боюнча кечээ тараткан кезектеги отчетунда белгиледи. Шайлоо комиссияларын түзүүдө саясий партиялардын өкүлдөрү комиссиянын үчтөн экисинен ашпаш керек деген эреже толук сакталган жок. Келтирилген мисалдарга караганда Тоң райондук шайлоо комиссиясына “Ак жол” партиясы сунуштаган 39 талапкердин 23ү, СДП сунуштаган 29 талапкердин үчөө, “Ата Мекен” сунуштаган 24 талапкердин бирөө кабыл алынган. “Улуу Биримдик”, “Жашылдар” партиялары сунуш кылган 35 талапкердин бири да өткөн эмес. СДП, “Ата Мекен” партияларынын 3 мүчөсү коркутуу болду деп, мүчөлүктөн баш тартышкан. Райондук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн тизмесин расмий маалымат каражаттары жарыялаган эмес. Чучукулактын ушундай эле жыйынтыктары Баткенде, Кадамжайда да катталган. Протоколдун көчүрмөлөрүн ЕККУ байкоочулары ала алган эмес. БШКнын маалыматы боюнча жалпысынан участкалык шайлоо комиссияларына 23 партиядан 5820 талапкер сунушталган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG