Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

“Набукко” долбоору жөнүндөгү келишимге кол коюлду


Евробиримдиктеги төрт мамлекет менен Түркия “Набукко” газ кууру боюнча ишти баштоо жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Ал толук ишке кирсе, жаратылыш газы боюнча Европанын Орусияга көзкарандылыгы азаят. Анкара шаарында өкмөттөр аралык келишимге Түркия, Болгария, Румыния, Венгрия жана Австрия кол коюшту. “Набукко” 2014-жылы ишке кирет деп күтүлүүдө. Ал толук иштей баштаса, 3300 чакырым аралыкка созула турган куур аркылуу жылына 31 млрд.куб метр газды Европага ташып өтө алат. Бул – Евробиримдикке 2020-жылы керектелчү газдын 10% түзөт. “Набукко” газ кууру сегиз миллиард еврого бааланууда.

XS
SM
MD
LG