Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Талапкер Атамбаевдин эки өкүлү 15 күндүк камакка кесилди


Ленин райондук соту президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү Бакыт Калпетов менен Мирлан Токтошевди “ээнбаштык кылганы үчүн” деген берененин негизинде 15 күнгө камоого чечим чыгарды. Айыпталгандар сот залынан камакка алынышты. Ал эми айдоочу Мейманбек Макеев сотко келген жок. Булар 12-июль күнү “Берекет” базарынын жанында БЭКтин өкүлдөрү эл менен жолугушканда чыккан жаңжал учурунда кармалышкан. Бириккен элдик кыймыл жаңжалды булар эмес, атайын даярдалган аялдар тобу чагым кылып чыгарышканын белгилеп, милиция чатакты басууга аракет кылгандарды кармаганын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG